Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

Жогорку Кеңештин жыйыны качан өтөөрү белгисиз


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин убактылуу төрагасы Ташболот Балтабаев билдирип, азырынча Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевден коалицияга кирген фракциялар аралык келишимдин көчүрмөсү келе электигин айтты. Ошондой эле президент Роза Отунбаевадан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакыруу тууралуу сунушу дагы түшө элек. Парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу үчүн ушул эки шарт аткарылышы керек.

Айрым маалымат каражаттарында 29-декабрда парламент жыйыны өтөт деген кабар тараган эле. Кечээ “Ар-Намыс” партиясы социал-демократтар менен коалицияга бирикпей турганын ачыктады.

2-декабрга чейин социал-демократтар партиясы парламенттик коалиция түзө албаса, анда бул мүмкүнчүлүк “Ата Мекен” партиясына берилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG