Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Түштүк Кореяда аралга чабуулдан кийин Коргоо министри алмашты


Бүгүн Түштүк Корея президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Ким Тай-Юң өлкөнүн жаңы Коргоо министри болуп дайындалды. Мурдагы министрди жана коргоо күчтөрүн шейшембидеги чабуулда “алсыздыгы” үчүн айыптагандар көбөйгөн эле.

Шейшембиде Түндүк Кореянын артиллериясы Түштүк Кореяга караган аралга чабуул жасаган. Төрт адам өлүп, 18 киши жарадар болгон. Ал арада Сеул эми Түндүк Корея менен чектеш аймактарда аскерлеринин санын көбөйтө турганын кабарлады. Жакынкы күндөрү Түштүк Корея менен АКШнын аскер-деңиз күчтөрү машыгуу өткөргөнү жатышат. Буга Кытай тынчсыздануусун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG