Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:59

Исхак Раззаковдун маарекеси 20-декабрга чейин өтөт


Бул тууралуу президенттин админстрациясынын башчысы Эмил Каптагаев Исхак Раззаковдун 100 жылдык маарекесин уюштуруп өткөрүү боюнча комитеттин кечээки жыйынында билдирди. Анда маарекени өткөрүү боюнча аталган комитеттин аткарып жаткан иштери талкууланып, Исхак Раззаков тууралуу китеп жарыкка чыкканы калганы маалымдалды.

Коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. 1979-жылы Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакта калган. Маркумдун сөөгү 2000-жылы мекенине алып келинип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө сый-урмат менен коюлган. Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарыкка келген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG