Нааразылык акциясына бир нече жүз киши чыкты. Алар Руставели көчөсүн бууп алышты, полиция кийлигишкен жок. Бейшемби күнү Грузия парламенти алдына алты миңден ашуун киши топтолуп, өлкөдөгү бийликти алмаштырууну, президент Михаил Сакашвилинин кызматтан кетишин талап кылышты.