Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Роза Отунбаева: IT компаниялар көмүскө иш алып барууда


Өлкө президенти Роза Отунбаева Кыргызстанда компьютердик камсыздоочу программаларды жасаган компаниялар тигүү тармагы өңдүү өз алдынча өнүгүп жатканы менен алардын көбү көмүскөдө иштеп жаткандыгын 26-ноябрда Бишкекте өткөн “Маалымат технологияларынын форумунда” билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык программисттер АКШ, Европа жана Жапония өңдүү өлкөлөр менен мамиле түзүп, жасаган программаларын аларга сатып пайда таап келишет. Учурда Кыргызстанда бул тармак боюнча иш алып барган 30 чамалуу компания бар. Бул компаниялар жылына 10 миллион доллар көлөмүндөгү акчаны айлантат. Маалым болгондой, IT компаниялардын көмүскөдө иштешине өлкөдөгү салык көлөмүнүн көп болгону себеп болууда. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG