Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

КТРКнын жетекчиси 3-декабрдан кеч калбай белгилүү болот


Бул туурасында Коомдук телерадио компаниянын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, учурда КТРКнын башкы деректирлиги үчүн 18 талапкер ат салышууда. 25-ноябрда талапкерлерге телерадиону коомдук кылып реформалоо багытында суроолор камтылган бизнес тапшырма берилген. Талапкерлер бул тапшырмага конкреттүү пландарын сунуштап, жазуу түрүндө жоопторун 28-ноябрга чейин бериши абзел. Байкоочу кеңеш 30-ноябрь жана 1-декабрда талапкерлер менен оозеки сынак уюштуруп, 3-декабрдан кеч калбай жашыруун добуш берүү аркылуу жеңүүчүнү аныктамакчы.

Коомдук телерадио компаниянын жетекчисин тандоо экинчи жолу өткөрүлүп жатат. КТРК жетекчилигине адегенде 22 киши дараметин сынашкан. Биринчи айлампада 20 киши тандалып, экинчисинде төртөө калган. Алардын ичинен Илим Карыпбеков көпчүлүк добушка татыган эле. Ошол эле учурда байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктар жаралган. Натыйжада И. Карыпбеков талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салган. Байкоочу кеңеш болсо бул сынактын жыйынтыгын жокко чыгарып, ноябрь айынан тарта жаңы сынак жарыялган болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG