Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

КСДП Жогорку Кеңештин ишин 1-декабрда баштоо демилгесин көтөрүүдө


Бул туурасында парламентте көпчүлүктү түзүү милдети тапшырылган Кыргызстан социал-демократтар партиясынын басма сөз катчысы Фарид Ниязов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, КСДП лидери Алмазбек Атамбаев келе жаткан дүйшөмбүдө коалиция курамын жарыялап, 1-декабрда парламентти кезексиз жыйынга чакыруу сунушун өлкө президентине билдирүүгө ниеттенүүдө.

КСДПнын эсебинде, коалиция түзүү боюнча аларга Конституция берген 15 иш күндүк мөөнөт 3-декабрда соңуна чыгат. Президент Роза Отунбаева КСДП фракциясына коалиция куроо мандатын 11-ноябрда тапшырган. Бирок эрежеге ылайык эсеп 12-ноябрдан башталган. Ортодо 16-ноябрда Курман айт белгиленген. 12-ноябрдан тарта жумушчу күндөрдү эсептегенде 15 жумушчу күн 3-декабрга келүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG