Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

Кыргызстандык спортчулар Гуанжоудон 29-ноябрда кайтып келишет


Кытайдын Гуанжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндары бүгүн кечинде расмий жабылат. Гуанжоу шаарынан «Азаттыктын» кабарчысы Кабыл Макеш билдиргендей, кыргызстандык спортчулар учурда оюндардын жабылыш аземине даярданууда. Кыргызстандан барган делегация 28-ноябрда Үрүмчү шаарына учуп келип, 29-ноябрда таң менен Кыргызстанга келип түшөт.

12-ноябрдан бери Кытайдын Гуанжоу шаарында өтүп жаткан XVI Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 24 түрү боюнча 145 спортчу катышты. Бул оюндарда Кыргызстан бир алтын, эки күмүш, эки коло медалга ээ болду. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG