Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

28-ноябрга карата аба ырайы


Синоптиктердин аба ырайы туурасында берген маалыматтары боюнча, Кыргызстандын аймагында 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 даража жылуу. Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүзү 11…16 даражага чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17 даража жылуу болот. Ысык-Көл ойдуңунда күндүн жылуулугу түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12 даража, Нарын аймагында түнкүсүн -3…-8, күндүз 6…11 даражага барабар. Тоолордо абанын температурасы түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…+1 даражага барабар.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 14…16 даража жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG