Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Жапондор июнь окуяларында жабыркагандарга үй ачкычтарын тапшырат


Жапон элчилигинен кабарлашкандай, Ошто 30-ноябрь күнү июнь коогалаңында жабыркагандарга жапондордун кайтарымсыз жардамы менен салынган убактылуу үйлөрдүн ачкычтары тапшырылат. Турак үйлөрдүн ачкычын тапшыруу аземине элчи Син Маруо, БУУнун качкындар иштери боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Ханс Фридрих Шоддер жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев катышат.
Сентябрь айында Жапония июнь окуяларында жабыркагандарга жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында 7 миллион доллар каражат бөлүп, 850 убактылуу үй курулган.

Мындан тышкары апрель жана июнь окуяларына байланыштуу төрт оорукана үчүн 394 миң 375 доллар каражат, качкындар үчүн 500 миң доллар кайтарымсыз жардам берилген.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG