Ооганстандагы НАТОнун аскерлери Пакистанда жайгашкан жана “ал-Каида” менен жакын байланыштагы талип фракциясынын аскер башчысы колго түшүрүлгөнүн маалымдашты. "Хаккани" уюмунун согушчаны 25-ноябрда Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясында бомба алып баратканда кармалган. "Ассошэйтед Пресс" агенттигинин билдиришинче, муну менен ноябрда "Хаккани" уюмунун жыйырманчы командири колго түшүрүлдү.