Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

“Ата Журт” коалиция боюнча ырасмий сунушка гана жооп берет


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, “Ата Журт” партиясына Социал-демократтардан коалицияга кошулуу тууралуу жана анын шарттары жазылган ырасмий кайрылуу түшө элек. Андыктан “Ата Журт” партиясы коалициялык сүйлөшүүлөр тууралуу азырынча эч нерсе айта албайт.

“Биз ырасмий сунуш келгенден кийин гана так жооп беребиз. Ага чейинки оозеки сүйлөшүүлөр жөн эле сөз болуп калуусу мүмкүн”,-деди К.Ташиев.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары “Ата Журт” партиясы КСДП жана “Республика” болуп биригүүгө макул болгонун жазып жиберишкен. Ал эми КСДП менен “Республика” мурда эле биригүү ниеттерин жарыялашкан. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG