Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

“Республика” фракциясы коалиция маселесин талкуулады


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы жыйын куруп, парламенттик коалиция түзүүгө байланыштуу маселени талкуулады. Анда аталган фракция коалициянын болжолдуу катышуучусу катары парламенттик коалиция боюнча түшкөн документтердин долбоорлорун карай баштоо боюнча чечим кабыл алынды. Фракциянын катчылыгынан билдиришинче, “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов жыйында коалициялык макулдашууга өздөрүнүн экономикалык программасын киргизүү тууралуу, өкмөттүн курамы жана түзүмү тууралуу өз сунуштарын кошуу боюнча демилге көтөрүшөрүн дагы бир жолу белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG