Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү


Синоптиктердин маалымдашынча, Кыргызстанда 2-декабрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап карга айланат, жолдор тайгак болот.

30-ноябрда Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Калган жерлерде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 даража жылуу. Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12 даража жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 даража жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -0…5, күндүз 10…15 даража жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9 даража жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 даража жылуу.
Тоолордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7 муздак.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 11…13 даража жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG