Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

Баткен: бүлдүркөндү кайра иштетүүдөн 1,5 миңдей үй-бүлө пайда тапты


Баткендин Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында Норвегия өкмөтү жана ЮНИФЕМдин гранттык колдоосу бүлдүркөндү кайра иштетүү боюнча чакан ишкана ачылып, андан быйыл 1,5 миңден ашуун үй-бүлө пайда тапты. Бүлдүркөн тез эле бузулуп кетчү жемиш болгондуктан буга чейин айыл тургундары аны терип алгандан кийин тез аранын ичинде арзан сатып жиберишчү. Долбоордун жетекчиси Зиядахан Батырованын маалымдашынча, азыр алар бүлдүркөндү кайра иштетип, кыям жасап, продукцияларын Монголия жана Орусияга чыгара башташты. Келерки жылга 20 миң банка кыям жөнөтүү боюнча тапшырма да алышты. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG