Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Үсөн Сыдыков менен Исхак Масалиевдин соту кийинкиге калды


Мурунку президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиевдин бүгүнкү сот процесси 10-декабрга жылды. Буга Ү. Сыдыковдун ооруканада жатканы себеп болду.

Ү.Сыдыков менен И.Масалиевге "массалык башаламандыктарды уюштурган" (233-берене) жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" (295-берене) деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон. “12-13-май күндөрү бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыпталып аткандардын иши өткөн айда тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөн эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG