Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

Токтогулдагы милиционерлердин сабалышы боюнча сот башталды


Жалал-Абаддагы Токтогул районунун милиция кызматкерлерин уруп-сабоо факты боюнча бүгүн Майлы-Суу шаарында сот процесси башталды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Ушул жылдын 27-сентябрында Токтогулдагы Ички иштер бөлүмүнүн маңзатка каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкерлери аталган райондун Ак-Жар аймагында атайын операция жүргүзүп, мыйзамсыз кара куурай чогултуп жүргөн жарандарды кармаган. Бирок аймактын беттерин чүмбөттөгөн 50дөй атчан тургуну милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, аларды туткунга алып, сабап, тирүүлөй өрттөп жиберүүгө аракет кылышкан. Жалал-Абаддагы ИИБдин кошумча күчтөрү чукул арада барып кырдаалды жөнгө салышкан болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG