Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:08

Молдовада батышчыл альянс алдыда баратат


Молдовада парламенттик шайлоонун дээрлик толук жыйынтыктары көрсөткөндөй, бийликтеги батышчыл альянс оппозициядагы коммунисттерден алдыда баратат. Бирок премьер-министр Влад Филаттын коалициясы президентти шайлоо үчүн жетиштүү мандат ала алабы же жокпу азыр айтуу кыйын. Бюллетендердин 95 пайызы саналып бүткөн кезде түшкөн маалыматка ылайык, альянс добуштардын 51 пайыздайын, коммунисттер 40,5 пайыз чогултушту. Буга караганда батышыл партияларга президентти шайлоо үчүн жетиштүү 61 мандаттын тийиши күмөн. Бирок тыш жактарда жүргөн молдовандардын добуштары саналып бүтө элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG