Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Франция: Ирландияга бөлүнгөн акча рынокту тынчытуу үчүн жетиштүү


Франциянын бюджет боюнча министри Франсуа Баруэндин айтымында, француз жана немис өкмөттөрү еврону сактап калуу үчүн чечкиндүү чара көрүүгө даяр. Ирландиядагы кризистен улам финансылык рыноктордо бирдиктүү валютанын стабилдүүлүгүнө байланыштуу камтамачылык пайда болгон эле. Париж өкмөтү белгилегендей, Евробиримдик жана Эл аралык валюта фонду Ирландияга бөлгөн 85 миллиард евро рынокту тынчытуу үчүн жетиштүү жана эффективдүү болмокчу. Министр Европадагы кризис Францияга коркунуч туудурбайт деп ишендирди. Май айында эле ушундай жардам Греция экономикасына берилген. Евромейкиндикке кирген Испания менен Португалия да жакында финансылык жардамга муктаж болушу мүмкүн деген чочулоолор айтылууда.

XS
SM
MD
LG