Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Президент Р.Отунбаева ЕККУнун саммитине катышат


Президент Роза Отунбаева 1-2-декабрь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында өтүүчү Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) саммитине катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров билдирди. Р.Отунбаева саммит учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрүп, дүйнө коомчулугун Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы кырдаалга көңүл бурууга чакыруусу күтүлмөкчү.

Астанада өтө турган ЕККУ саммитине Франция президенти Николя Саркози, Орусия президенти Дмитрий Медведев, Бирикке улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, АКШнын мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон, Германия канцлери Ангела Меркель баштаган дүйнөлүк саясий ишмерлер катышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG