Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Башкаруучу коалицияда “Ата Мекенге” төрагалык сунушталды


Коалиция түзүү милдети жүктөлгөн Социал-демократтар партиясы Жогорку Кеңеште башкаруучу коалиция түзүү иш-чарасы соңуна чыгып калганын, ага ылайык коалицияга Социал-демократтар, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары кирерин жарыялады. Бул тууралуу КСДПнын маалымат кызматы билдирет.

Ушул тапта коалициялык келишимдин долбоорун Социал-демократтар менен “Республика” партиясынын лидерлери жактырып, кол коюу үчүн келишим долбоору “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге жөнөтүлдү. Коалициялык келишим боюнча бул долбоор өз ичине болочок өкмөттүн программасын жана түзүмүн да камтыйт. Ага ылайык КСДП лидери Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлсө, “Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаевге парламент төрагалыгы сунушталууда. Ал эми “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министрлик кызматка макул болгон. (IJz)

XS
SM
MD
LG