Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

Ошто күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө


Ош шаарында жана облусунда күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй баштады. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Ушул тапта Ош шаарына кирүүчү жолдордун бардыгына куралчан милициялар жана аскерлер коюлуп, паспорттук көзөмөл киргизилди. Мындай өзгөчө абал кечээ Ош шаарында террордук уюмдарга тиешеси бар делген адамдарды кармоо операциясынан кийин болууда. Ош шаарындагы автобекетке жакын аймактагы үйлөрдүн бириндеги операция маалында куралдык каршылык көрсөткөн үч адам жок кылынып, алардын бирөө өзүн жардырып жиберген. Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгүнүн үч аскери жаракат алган. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү тергөө-иликтөө иштери аткарылууда.

22-ноябрда да Бишкекте аралыктан башкарылуучу жардыргыч заттар кармалган эле. М.Иманкулов бул факты менен Оштогу атайын операциянын байланышы бар экенин айтууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG