Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Жардыруу эпкининен 4 тартип коргоо кызматкери жараат алды


Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов Бишкекте Спорт сарайдын түндүк тарабындагы жардыруудан тартип коргоо органдарынын төрт кызматкери анча оор эмес жараат алганын маалымдады. Анын айтымында, колго жасалган күчү анча чоң эмес жардыруучу зат сарайдын жанындагы люкка жекшемби күнү орнотулган болушу мүмкүн. М. Иманкулов жардырууну Кыргызстанда бейстабилдүүлүктү орноткусу келген, апрель окуялары боюнча сотту үзгүлтүккө учуратууну каалаган күчтөр уюштурушу мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле кечээги Оштогу атышууларга байланыштырган версия да каралып жатканын маалымдады. Азырынча окуя боюнча шектелгендер кармала элек. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG