Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Диний алакаларды чыңдоого арналган форум өттү


Президенттин администрациясынын өкүлү Аблабек Асанканов өлкөдө диний радикализм күч алып жатканын бүгүн Бишкекте дин тутуу жана диний ишеним эркиндиги боюнча улуттук жыйында билдирди. Дин тутуу эркиндиги жана дин ишенимдерине арналган улуттук жыйын өттү. Ага бардык диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда. Мындай талкуулар буга чейин жер-жерлерде өткөрүлгөн. Анда башкы маселе катары дин ишмердүүлүгүнө мамлекет тыюу салган "Хизб-ут Тахрир" сыяктуу экстремисттик уюмдардын иши күчөп жатканы айтылган. Талкуулардын тыянактары менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын алдында дин иштери боюнча коомдук комитеттер түзүлгөн. Бул маалымат аталган форумда жарыяланды. Комитеттер динге байланыштуу ар кандай араздашууларды, пикир келишпестиктерди жеринде чечкенге жардамдашат.

Соңку маалымат боюнча Кыргызстанда 2270тей диний бирикме бар. Алардын 1886сы исламдык багытта, 368 христиан, калган 14ү жаңы диний агымдар. (EBM)

XS
SM
MD
LG