Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Кыргызстанга АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон келет


1-2-декабрда Астанада өтүүчү ЕККУнун саммитине катышкандан кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстанга да иш-сапары менен келмекчи. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлайт. Кыргызстанда ал президент Роза Отунбаева жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдөгү саясий процесстер, жакында эле өткөн парламенттик шайлоо жана эки тарапты кызыктырган айрым маселер тууралуу сүйлөшөт. Ошондой эле ал коңшу Өзбекстанга жана Бахрейнге барары күтүлүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG