Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Ош, Бишкекте кырдаал туруктуу


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат кызматы билдирет. 29-ноябрдагы террорчу делип шектелген адамдарды кармоо операциясынан бери Ош шаарында жана облусунда, ошондой эле Бишкек шаарында күч органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Коопсуздукту камсыз кылууга милиция кызматкерлерине кошумча УКМК кызматкерлери жана аскерлер тартылып, жер-жерлерде кайгуул бекеттери иштөөдө. Бишкекте болсо кечээ Кожомкул атындагы спорт ордосунун түндүк ыптасында жардыруу болуп, күч органдарынын төрт кызматкери жаракат алган. УКМК жетекчилиги болсо Бишкек менен Ошто бир катар террордук чабуулдар пландалганын, бирок аларды токтотуу операцияларынын натыйжасында бир канча адам кармалганын, чабуулду пландашкандардын бир канчасы өлкөдөн чыга качышканын билдиришүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG