Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Президент Р.Отунбаева Астанада казак лидери менен жолукту


Президент Роза Отунбаева кечээ ЕККУнун саммитине катышуу үчүн Астанага барып, ошол эле күнү БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Р.Отунбаева саммит учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрүп, дүйнө коомчулугун Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы кырдаалга көңүл бурууга чакыруусу күтүлмөкчү.

Астанада өтө турган ЕККУ саммитине Франция президенти Николя Саркози, Орусия президенти Дмитрий Медведев, Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, Германия канцлери Ангела Меркель баштаган дүйнөлүк саясий ишмерлер катышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG