Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

Жогорку Кеңештин жыйыны 2-декабрда болот


Коалиция түзүлгөнү тууралуу ырасмий жарыялана турган Жогорку Кеңештин жыйыны 2-декабрда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет. Коалиция түзүү боюнча келишим долбооруна КСДП, “Ата Мекен”, “Республика” фракциялары кол коюшту. Эми парламент менен өкмөттүн структурасы, программасы жана курамы камтылган алты тиркемеден турган коалициялык келишим Жогорку Кеңештин жыйынында жарыяланмакчы. Коалициялык келишим боюнча КСДП лидери Алмазбек Атамбаеав премьер-министр, “Республика” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министр, ал эми “Ата Мекендин” жетекчиси Өмүрбек Текебаев парламенттин төрагасы болмокчу. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG