Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Пан Ги Мун БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүүнү жактады


Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүүнү жактады. Астанада “Азаттык” радиосуна берген интервьюда: "БУУнун башкы катчысы катары жана жеке көз карашым боюнча Коопсуздук кеңеши өзгөргөн кырдаалга жана 21-кылымдын талабына ылайыктуу болушу үчүн аны кеңейтүү зарыл деп эсептейм,”-деди Пан Ги Мун.

Бирок ал Кеңешке туруктуу мүчө болчу эч бир өлкөнү атаган жок. Жакында АКШ президенти Барак Обама Индияны Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчөлүккө сунуш кылган.

Азыр БУУнун Коопсуздук кеңешине 15 өлкө кирсе, алардын бешөө туруктуу макамга ээ.

XS
SM
MD
LG