Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Ош шаарында атышуу болгон жерди тазалоо иштери аяктады


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 13 куткаруучусунан турган топ Ош шаарында аткылашуу болгон үйдүн жака-белин тазалоону соңуна чыгарды. Аталган министрликтен маалымдашкандай, тазалоо учурунда ок-дарылары менен Макаров үлгүсүндөгү эки тапанча, эки Калашников автоматы жана бир граната, бир колго жасалган жарылуучу зат табылды. Граната менен жарылуучу зат зыянсыздандырылды. 29-ноябрда күч органдары Ош шаарынын Мажүрүм-Тал көчөсүндө курал бар деп шектелген үйдү текшерүү маалда үйдөн аскерлерге каршы ок атылган. Натыйжада куралчан топтун 3 мүчөсү жок кылынды, дагы бирөө өзүн жардырып жиберди. Коопсуздук кызматы аткылашуу болгон үй жергиликтүү мечиттин имамы Фархат Нурматовго таандык экенин кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG