Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Апрель окуялары боюнча сот Жаза өтөө кызматынын клубунда уланат


Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров апрель окуялары боюнча соттук териштирүү коопсуздук маселелеринен улам Жаза өтөө боюнча мамлекеттик кызматтын клубунда уланарын билдирди. Анын айтымында, аталган жай 200 кишиге ылайыкташтырылган. Ушундан улам сот процессинин бардык катышуучуларын батыруу кыйын болот. Апрель окуялары боюнча сот миңдей адамдын катышуусунда 17-ноябрдан бери Бишкектеги Спорт ордосунда өтүп жаткан. Кечээ Спорт ордосунун түндүк тарабында жардыруу болуп, тартип коргоо органдарынын эки кызматкери жана жолдо өтүп бараткан бир аял жабыркады. (EBM)

XS
SM
MD
LG