Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңеши КТРКнын жетекчисин тандоо боюнча сынакка катышкан 15 талапкер менен баарлашып сындан өткөрдү. Анын жүрүшүндө ар бир талапкер КТРКны реформалоо боюнча өз иш пландары менен тааныштырды. Байкоочу кеңештин маалымдашынча, 3-декабрга чейин ачык талкуу өтүп, деректир тандалат. КТРКнын жетекчиси тандоо боюнча экинчи сынак 2-ноябрда жарыяланган. Ага 18 адам талапкер болуп, кийин үч адам өз эрки менен катышуудан баш тарткан.
Башкы директорду тандоо боюнча биринчи сынак үзгүлтүккө учураган болчу. Ага 20 талапкер катышып, Байкоочу кеңештин жашыруун добушу менен экс-президент Курманбек Бакиевдин катчылыгында иштеген Илим Карыпбеков жеңген эле. Мунун айынан Байкоочу кеңештин ичинде жана КТРКда нааразылыктар жаралган. Натыйжада И. Карыпбеков талапкерлигин өз ыктыяры менен алып салган. (EBM)