Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:13

Астана саммитинде Хиллари Клинтон сөз сүйлөдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун ооган жериндеги иштерге жигердүү катышканга, чек араны чыңдоо боюнча күч-аракеттерди активдештирүүгө чакырды. Клинтон уюмдун өзү да жаңыланууга тийиш экенин белгиледи. Мындан тышкары уюмга кирген өлкөлөрдө адам укуктары, демократиялык стандарттар кынтыксыз сакталышы керектигин көрсөттү. Клинтон адам укуктарын коргоо боюнча улуттук план кабыл алып, аны аткарбай жаткан өлкөлөр, өздөрүнө жаккан жарандык уюмдар менен гана иштешип, калгандарын кысмактаган, сөз эркиндигин конституцияда кепилдеп, иш жүзүндө журналисттерди куугунтуктаган, атүгүл ыдыктаган өкмөттөр бар экенине көңүл бурду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG