Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Ошто “Кылым шамы” уюмунун өкүлүн милиция кармады


Ош шаарында милиция тарабынан “Кылым шамы” укук коргоо борборунун Ош облусу боюнча координатору Токтосун Козубаев менен укук коргоочу Батыр Мамаражанов кечээ кечинде кармалып, бир канча сааттан кийин гана адвокаттардын кийлигишүүсү менен бошотулду. Бирок милиция кызматкерлери аларды таң атканда келип көрсөтмө берүүсү керектигин айтып бошотушкан. Укук коргоочу Т.Козубаев менен кошо анын айдоочусу Ибраимжан Умаров да кармалган. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” билдиргендей, милиция кызматкерлери аларды “тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмуна байланыштуу материалдарды алып жүрөсүңөр” деп айыптап, ур-токмокко алышкан. Бирок А.Абдрасулованын айтымында, милиция кызматкерлери кармаган “Ар бир үйдө тынчтык болсун” аттуу гезиттердин эч кандай экстремисттик уюмдарга тиешеси жок жана аны “Журналисттер” коомдук бирикмеси чыгарган. А.Абдрасулова бул көрүнүштү күч органдарынын деңгээлинин төмөндүгү менен байланыштырууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG