Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Кыргызстан Корей жарым аралындагы окуяга тынчсызданууда


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылгандай, Кыргызстан Корей жарым аралында орун алган окуяларга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды тынчтыкты бузуучу ар кандай аракеттерден алыс болууга үндөгөн. Мындан тышкары тирешип турган эки тарап тең Корей жарым аралы боюнча тынчтык келишимин сактоого чакырган.

Корей жарым аралындагы кырдаал Түндүк Корея 22-ноябрь күнү коңшусунун эл жашаган Йонпхендо аралын артиллериядан аткылаган соң курчуган. Аткылоодон төрт киши набыт болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG