Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

“Ырыс алды ынтымак” деген коалиция түзүлдү


КСДП, “Ата Мекен” жана “Республика” партиясынан турган коалиция мына ушундайча аталарын “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев бүгүнкү отурумда билдирди. Ал ошондой эле июнь окуясын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү сунуштарын колдой турганын билдирип, түзүлгөн комиссия июнь окуясы менен байланышы бар апрель, май окуяларын кошо иликтөөнү сунуштады. Мындай сунушту “Ар-намыс” фракциясы да колдой турганын фракция мүчөсү Бөдөш Мамырова билдирди.

КСДП, “Республика” жана “Ата Мекен” партиялары парламентте көпчүлүк добушка ээ болуучу коалицияны 30-ноябрь күнү түзүүгө жетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG