Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Коалиция түзүлгөнү жарыяланды


Бул боюнча коалиция түзүү милдетин мойнуна алган Социал-демократиялык фракциянын лидери Алмазбек Атамбаев парламентте маалымдады. Анын айтымында, көпчүлүк коалицияга социал-демократиялык партия, “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары киришти. Коалициянын курамында 67 депутат бар. А. Атамбаев мындан тышкары парламент төрагалыгына “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, премьер-министрлик орунга социал-демократтар партиясынын башчысы А. Атамбаевди, ал эми 1-вице-премьер-министрликке “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги сунушталып жатканын билдирип, бул тууралуу келишимге үч фракциянын лидерлери кол койгонун кошумчалады. Ал ошондой эле коалициянын программасында эң биринчилерден болуп өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү каралганын билдирди.
Парламенттик шайлоодо утуп чыккан беш партиянын ичинен көпчүлүк добушка ээ болуучу коалиция түзүү мүмкүнчүлүгүн президент Роза Отунбаева 11-ноябрь күнү социал-демократтарга тапшырган. Социал-демократиялык партия бир катар сүйлөшүүлөрдөн кийин, 30-ноябрь күнү СДП, “Ата Мекен” жана “Республика” партияларынан турган коалиция түзүүгө жетишти. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG