Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Mina Corp. маселеси эки тараптуу жолугушууда талкууланды


АКШнын Кыргызстанда жайгашкан "Манас" транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоочу Mina Corp. компаниясынын иши тууралуу маселе Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтондун бүгүнкү жолугушуусунда талкууланды.

Х. Клинтон журналисттерге маалымат берип жатып, бул компаниянын иши боюнча кыргыз тараптан жүргүзүлүп жаткан иликтөө иштери аягына чыккандан кийин сөз кылуу туура болорун айтып, ошол эле учурда бардыгы ачык болушу үчүн АКШ өкмөтү шарт түзүүгө аракеттенип жатканын белгиледи.

Эки тараптын жолугушуусунда мындан тышкары транзиттик борбордун тагдыры тууралуу да сөз болгон. Президент Роза Отунбаева транзиттик борбордун мындан аркы жайгашуусу жаңы өкмөткө көз каранды экенин белгилеп, бирок Кыргызстандын коопсуздугу үчүн базанын турганы маанилүү деп билдирди. Ал ошондой эле Ооганстандагы террорчу күчтөр өлкөнүн түндүгүнө жылып жатканын, мындан Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасын күчтөп бекемдөө зарылдыгы келип чыгарын билдирди.

АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстанга бүгүн түшкө жуук учуп келди. Ал мындан ары Өзбекстанга баруусу күтүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG