Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

WikiLeaks сайтында орус өкмөтүнүн уюшкан кылмыштуулук менен байланышы айтылат


WikiLeaks сайтынын жаңы маалыматында орус өкмөтүнүн уюшкан кылмыштуулук менен байланышы айтылат. АКШ дипломаттарынын WikiLeaks шардана кылган жана бүгүн британдык “Гардиан” гезитинде жарыяланган каттарында испан прокурорунун сөздөрү келтирилген. Орустардын криминалдык топторунун Испаниядагы кылмыштарын изилдеген Хосе Гонсалес ысымдуу прокурор америкалык расмий өкүлдөргө ал Орусияны саясий партиялар уюшкан кылмыштуулук менен “эриш-аркак” иштешкен “мафиялык мамлекет” катары эсептери тууралуу билдирген. Испан прокурору ошондой эле Орусиянын атайын кызматтары уюшкан кылмыштуулукту көзөмөлдөрү жана курал контрабандасы өңдүү иштерде пайдаланары жөнүндө да айткан. Шардана кылынган дагы бир документте АКШнын Москвадагы мурдагы элчиси Уильям Бернстун Орусиянын атайын кызматынын мурдагы агенти Александр Литвиненкону Лондондо өлтүрүү боюнча кутумду азыркы премьер-министр жана мурдагы президент Путин “билбей койо алмак эмес” деген пикири келтирилет.

XS
SM
MD
LG