Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

“Ата Журт” жана “Ар-Намыс” фракциялары нааразылыгын билдирүүдө


Оппозициялык коалиция түзүүгө 20 мүнөт аздык кыларын “Ата Журт” жана “Ар-Намыс” фракцияларынын мүчөлөрү билдиришүүдө. “Ата Журттун” мүчөсү Курмантай Абдиев башкаруучу коалиция түзүү үчүн 20 күнгө жакын убакыт берилгенин белгилеп, оппозициялык коалиция түзүү үчүн 20 мүнөт берилгени адилетсиздик деп белгиледи. Ал эми депутат Акматбек Келдибеков парламентке төрагалык кылуучуну социал-демократтардын жана көпчүлүк коалициянын пайдасына иштеп жатасыз деп айыптады. Төрагалык кылуучу өз кезегинде муну четке кагып, ишти улантууну сунуштады. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG