Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Тажикстанда коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлү набыт болду


Тажикстандагы кагылыштан коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлү каза тапканы кабарланууда. Маалымат агенттиктеринин тажик Ички иштер министрлигине шилтеме жасап кабарлашканына караганда, окуя өткөн түнү тоолуу Балжувон районунда болгон. Коопсуздук күчтөрү ал жерген “шектүү адамдар жүрөт” деген маалыматтарды текшерүү үчүн барган. Балжувон - Тажикстандын Рашт өрөөнүнө коңшу жайгашкан район. Ал жерде эки ай мурда коопсуздук күчтөрү согушкерлер менен кагылыштан чоң жоготууга учурап, анын артынан өрөөндө атайын операциялар өткөрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG