Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

“Ар-намыс” төрагалыкка талапкер көрсөтүүдөн баш тартты


Бул тууралуу фракция мүчөсү Абдрахман Маматалиев депутаттарга маалымдады. Андан кийин ЖК төрагалыгына талапкерлерге сөз берилди. Көпчүлүк коалициянын талапкери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда болгон акыркы өзгөрүүлөрдү белгилеп, айрым постсоветтик өлкөлөр парламенттик башкарууну колдоп жатышканын белгиледи. Ал эгер төрага болуп шайланып калса ушул чакырыштагы парламент Кыргызстандын тарыхында чоң тамгалар менен жазылып калуучу парламенттин деңгээлине жеткире аларын белгиледи. Ошол эле учурда ал өлкөнү жана парламентти көтөрүү үчүн оппозициянын да көмөгү зарылдыгын баса айтты.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин төрагалыгына эки талапкер: “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен “Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров көрсөтүлгөн. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG