Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:40

Швециянын соту WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсүн камакка алуу чечимин жактады


Башкача айканда өлкөнүн Жогорку соту Жулиан Ассанждын аппеляциялык арызын четке какты. Швецияда зордуктоого тиешеси бар деп айыпталып жаткан Ассанж Интерпол аны камоо үчүн чыгарган эл аралык ордер мыйзамсыз деген жүйөө менен сотко кайрылган эле. Ассанж өзүнө коюлган айыптарды жасалма жана АКШнын Ирак менен Ооганстандагы согуштарга байланыштуу, ошондой эле дипломатиялык жашыруун документтерин шардана кылып жибергенден кийин аны каралоо үчүн башталган өнөктүктүн бир бөлүгү деп эсептейт. Интерпол Ассанжды “кызыл тизмеге” киргизген. Бул ал кармалган жеринен айып коюлган өлкөгө депортациялануусу керек дегенди туюндурат. Австралиянын жараны, 39 жаштагы Жулиан Ассанждын дайын-дареги белгисиз. Бирок “Индепендент” гезитинин жазганына караганда, британ полициясында мындай маалымат бар. Ассанждын адвокатынын айтымында да, “бир катар өлкөлөрдүн” коопсуздук кызматтары анын кайда жүргөнүн билет.

XS
SM
MD
LG