Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

ЕККУнун саммитинде жыйынтык документти макулдаша албай жатышат


Саммиттин жыйынтыгында уюмдун болочоктогу ролун көтөрүүнү максат кылган жана “Аракеттенүү планы” деп аталган документ кабыл алынуусу керек. Саммитке катышып жаткан лидерлер ЕККУнун Европа менен мурдагы совет аймагында жаңжаалдарды чечүү же аларды алдын алуудагы жөндөмү соңку жылдары төмөндөп кеткенин моюнга алышты. Бүгүн түшкө чейинки талкуулар жабык өттү, бирок делегаттар жыйынтыктоочу декларацияны али макулдаша албай жатышат. ЕККУнун быйылкы
төрагасы –Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев саммиттин жыйынтыгын жарыялоочу пресс-конференциясынын мөөнөтүн улам артка жылдырууда. Астанадагы жыйын ЕККУнун акыркы 11 жылдагы алгачкы саммити болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG