Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Назарбаев ЕККУнун декларациясын "тарыхый ийгилик" деп атады


Астанада аяктаган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУнун 2 күндүк саммити соңунда уюмдун принциптери жарыяланды. ЕККУга 2011-жылы төрагалык кылган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев декларацияны “тарыхый ийгилик” деп сыпаттады. Бирок Астана саммитинде эл аралык жаңжалдарды алдын алуу же токтотуу жана уюмду реформалоо боюнча план кабыл алынбады. Жыйынга ЕККУга мүчө 56 мамлекеттин жана уюм менен кызматташкан 12 өнөктөш өлкөнүн жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул 1999-жылкы Стамбул саммитинен берки ЕККУнун биринчи мартабалуу жыйыны болду.

XS
SM
MD
LG