Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Калың жааган кар Европа өлкөлөрүнө чоң мүшкүл алып келди


Лондондун “Гатвик” аэропорту кечээ күндөн бери жабык. Ортолук Европада аяздан 26 киши, анын ичинде Польшада 18 киши каза тапты. Алардын көпчүлүгү үйсүз селсаяктар. Польшанын жолдорунда унаалар кат-кат тизилип, жүрө албай турат. Германияда да аэропорттор менен темир жол каттамдарынын иштөө ырааты бузулган. Франция менен Бельгияда күн жылуурак болгондуктан жолдор жылгаяк болуп калган. Сербия жана Черногорияда катуу жаандан улам жүздөгөн адам коопсуз жактарга көчүрүлдү. Сербияда Дрина дарыясы ташууда. Боснияда ичкенге таза суу тартыш болууда.

XS
SM
MD
LG