Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Аба ырайы: Айрым аймактарга кар калың түшөт


Синоптиктердин маалыматы боюнча эртең мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым аймактарга кар калың түшөт. Электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тайгалак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгын секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -10...-15, күндүзү -3...-8 градус суук болот. Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн -7...-12, күндүзү -1...-6 даража төмөндөйт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12...-17 градус, күндүзү -5...-10 даража суук болот. Тоолуу Нарында сууктун күчү түнкүсүн -12...-17, ал эми күндүзү -9...-14 градуска чейин жетет.
Бишкекте түнкүсүн -10...-12, күндүзү -4...-6 градуска төмөндөйт. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG