Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

КТРКга Кубат Оторбаев жетекчи болуп шайланды


Кабарчыбыздын маалымдаганы боюнча, Коомдук телерадиокомпаниянын (КТРК) Башкы директору болуп Кубат Оторбаев шайланды. Бүгүнкү жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында КТРКнын Байкоочулар кеңешинин 12 мүчөсү К. Оторбаевдин талапкердигин колдоп добуш берген. Талапкерлердин ичинен Болот Казаков менен Эрнис Мамырканов экөө бирден добуш алышты.

Коомдук телерадиокомпаниянын жетекчилигине ат салышуунун соңку айлампасына оболу 18 киши катышкан. Кийинчерээк алардын ичинен 3 киши сынакка катышуудан баш тарткан.

38 жаштагы Кубат Оторбаев буга чейин КТРКнын Башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеди. Ал бул кызматка 7-апрел ыңкылабынан кийинки күнү дайындалган. Ага чейин ал "Азаттык үналгысынын" Бишкек бюросун ("Азаттык Медиа" мекемесин) беш жыл бою жетектеп келген.

Мурдагы УТРК ыңкылаптан кийинки жетекчилик тарабынан Коомдук сыналгы жана үналгы компания катары кайра түзүлгөн. Президент Роза Отунбаева кол койгон жардыкка ылайык, КТРК эми өкмөткө эмес, жалпы коомчулукка кызмат кыла турган маалымат каражатына айланууга тийиш.

XS
SM
MD
LG