Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:38

Азык-түлүк кымбаттоодо


Экономиканы тескөө министрлигинин маалыматы боюнча акыркы айда май, ун, кумшекер кымбаттады. Кымбаттоолор өзгөчө түндүк аймакта күчөгөнү байкалат деп айтылат маалыматта. Ага ылайык, ундун 1 кг - 1 сомдон 5 сомго чейин көтөрүлдү. Ундун кымбаттыгынан улам эл буудайдын өзүн сатып алып, тегирменден тартып жеп жатышат, ал эми буудай айдаган фермерлер баалардын дагы көтөрүлүшүн күтүп, түшүмүн сатуудан баш тартышууда деп белгиленет маалыматта. Ушул тапта 1 кг ундун баасы 24-25 сом. Ал эми өсүмдүк майынын баасы орто эсеп менен 5-10 сомго көтөрүлдү, базарларда майдын 1 литри 80-100 сомдун айланасында сатылат. Кумшекер орто эсеп менен 1-3,5 сомго кымбаттады. Канттын баасы өзгөчө Талас жана Ысык-Көл облустарында жогорулаган.
Калктын негизги керектөөсүндө болгон азык-түлүктөр: кумшекер, ун, өсүмдүк майы жай айларынан тартып кымбаттай баштаган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG