Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Парламент дүйшөмбүгө чейин тыныгууга кетти


Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынан билдиришти. Мунун алдында парламент бүгүн ишин улантышы мүмкүн экендиги айтылып жаткан. Учурда президент Роза Отунбаева фракция лидерлери менен коалиция түзүүнү кимге тапшырарын талкуулап жатат. "Ата Мекен", "Республика" менен коалиция кураган социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев бүгүн бул милдетти башка партияга тапшырууну суранган. Кечээ күнкү ызы-чуулуу жыйында парламент төрага шайлай албай койгон. Бул кызматка коалициядан көрсөтүлгөн Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин 58 депутат колдоп, бирок 59у каршы добуш берген. Отунбаева убагында өкмөт түзүү милдети СДПдан кийин "Ата Мекенге" берилерин айткан. (JCH)

XS
SM
MD
LG